Жаңылыктар
Ошто ири өрт кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто ири өрт кырсыгы катталды

Ош шаарында ири өрт кырсыгы болду. Араван кичи районундагы соода жана тамактануучу жайлар жайгашкан аймактан өрт чыккан. 

Күбөлөрдүн айтымында өрт чатырдан тутанган. Улам экинчисине өтүп отуруп, өрт төрт ишкананын чатырына жабышкан. 

Ал жерде "Гренки", "Дайн", "Бургер" жана "О" байланыш компаниясынын кеңсеси жайгашкан. 

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Эки өрт өчүрүүчү унаа тартылды. 

Өрт азырынча толук өчүрүлө элек.