Жаңылыктар
Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргызстанда өз мекенинде адам өлтүрүү, каракчылык жана сот белгилеген жазадан качуу беренелери менен издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. 

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыштары үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн 30 жаштагы кишини кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кыргызстандык кесиптештерине кайрылган. 

Эл аралык укуктук актыларга ылайык жана эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн алкагында издөөдөгү кишинин жүргөн жери аныкталып, кармалды. 

Учурда аны өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып жатат.