Ачылбек Арзиев жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык, Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ачылбек