Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле "Айыл банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактысы боюнча комиссия түзүлдү. "Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, "Айыл Банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактысын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү", - деп жазылган президенттин администрациясы тараткан маалыматта.