Жаңылыктар
Тергөө жайындагы өлүмдү аскер прокуратурасы иликтөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тергөө жайындагы өлүмдү аскер прокуратурасы иликтөөдө

УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучунун өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Билдирүүгө ылайык, 18-июнда "102" кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу өзүн-өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. 

"Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестрине катталып, учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет.