Быйыл Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев аталган өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушканда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүүсүн, өз ара активдүү маданий алмашууларды, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы активдүүлүктү белгилешип, ошондой эле маданият тармагындагы байланыштарды чыңдоонун мындан аркы перспективаларын талкуулашты.