Апрель айында Кыргызстандан 80 миллион долларга чукул акча сыртка чыккан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. 2005-жылдагы маалыматтарды талдай турган болсок, бул бир айдагы которуулар боюнча рекорд. Баарынан көбү Россияга которулган.
Белгилей кетсек, 5 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Адатта ал жакка которуулардын көлөмү аз болчу. Мисалы, 2020-жылдын июль айында гана 1,3 миллион доллар болбосо, башка учурда миллиондон төмөн эле. Ага чейин эң жогорку көрсөткүч 2019-жылдын декабрында болуп, 61,2 миллион долларга жеткен.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата өлкөгө кирген каражаттар 255,2 миллион долларга бааланган. Бул рекорд эмес, бирок бир топ жогорку көрсөткүч.