Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан жеке турак жай куруу үчүн “айыл чарба” багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча УКМК жана Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.
Алынган маалыматтар боюнча, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Боз жана Камбар-Абад айылдарынын тургундарынын жер тилкелери текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу дагы кошумча маалыматтар берилет.
УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө жол берилбестигин эскертет, бул үчүн колдонуудагы мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.