Кыргызстанда Түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө.
“Арноо - Ыйык күрөш”, “Сүйүү айттырбай келет”, “Үнсүз дарак”, “Ичимдеги каарман”, “Стамбулдун сакчылары” аттуу көркөм фильмдер кино сүйүүчүүлөргө акысыз көрсөтүлөт.
Бул ирет алтынчы жолу уюштурулуп жаткан жумалыктын алкагында Кыргызстандык көрүүчүлөргө тасмалардын жаратуучулары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле Кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери менен Түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт.
Буга катар Түркиядан келген актёрлор, режиссёрлор менен Кыргызстандык кино актерлордун ортосунда орток эмгектерди жаратуу боюнча сүйлөшүүлөр болот.
Жумалык 20-июнга чейин уланат.