Бишкек шаарынын мэриясы менен автобус чыгарган атамекендик “Белес” ишканасы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, келишимге Транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев менен аталган компаниясынын директору Мирбек Аскалиев кол койгон.
Меморандумдун алкагында муниципалитет “Белес” чыгарган техниканын сапатын текшерүү максатында газ менен жүргөн беш автобус сатып алууну көздөөдө.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Белес” ишканасына барганда атамекендик өндүрүштү колдоону тапшырган.