Жаңылыктар
Өлкө ичинде поезд каттамынын акысы кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө ичинде поезд каттамынын акысы кымбаттады

17-июндан тартып өлкө ичинде поезд менен каттаган жүргүнчүлөр үчүн жол кире кымбаттады. 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин жаңы тариф тууралуу буйругу 16-июнда чыкты. 

Ага ылайык, Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом, Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды. 

Акыркы жолу өлкө аймагында темир жолдун ички жол киреси 2010-жылы жогорулатылган. 

Балыкчыга чоңдор үчүн билет баасы 69 сом болчу.