Жаңылыктар
Мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскарбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскарбайт

Мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскартылганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июнда билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү узартылган эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү жөнүндө токтомго кол койду. 

Бул токтомго ылайык, менчик формасына карабастан бардык билим берүү мекемелеринин мугалимдерине жана окутуучуларына жыл сайын 56 күндүк эс алуу берилет.