Аманкан Мамыров атындагы орто билим берүү жайын 5, 6 жыл мурда эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан колдонууга болбойт деген корутунду чыгарылганган.
Учурда имараттын шыбы урап, полу тешилип калган.
Бирок, башка имарат жок болгондуктан авариялык абалдагы мектепте окуучулар билим алып келишет.
Мектеп үч корпустан турат. Үчүнчү бөлүгү 1991-жылы ашар жолу менен курулган.
Дубалы сокмо. Класстар стандарттык абалга жооп бербейт.
Жылына оңдоп-түзөлгөнү менен эскилиги жеткендиктен күндөн-күнгө кооптуулугу күчөп барат.
Мектеп мугалимдери имараттын шыбы урап, же полу түшүп кетеби деп кабатыр.
Учурда Торкент айыл өкмөтүндө эле 3 авариялык абалдагы, колдонууга болбойт деген корутунду чыгарылган мектеп бар.