“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы шаардыктарга ысык суу берүү алдында турат.
Профилактикалык иштер маалында жабдуулар гидравикалык сыноодон толук өткөрүлүп, кемчиликтер, эскирген жерлери аныкталып оңдолду. Ысык суу турак жайларга бүгүндөн тарта жетет.
“Профилактикалык иштердин жүрүшүндө суунун басымы менен ысык суу өтүүчү куурлардын бекемдиги текшерилген.
Сыноо учурунда 70тен ашык бузулуулар келип чыккан. Мындай алдын алуу жумуштары жай айларында жасалбаса, кышында жарылган куурларды оңдоо көп түйшүк жаратып, ошол участоктун эли ысык суусуз калат.”