Президент Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды.
Түркиянын Бурса провинциясындагы Изник шаарында төтүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү, аны жакынкы келечекте өнүктүрүү маселелери жана бул демилге алкагындагы иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы кыргыз тарап мындай эл аралык масштабдуу иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Конфедерациянын тарыхын айтып, Уюм дал ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн аркасында түзүлгөндүгүн белгиледи. Уюштуруу комитети жасап жаткан иштерге токтолду.
Билал Эрдоган Изник шаары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө тандалганы кокустан эместигин белгиледи. Шаар көл жээгинде жайгашып, Ысык-Көлдү эске салат.
Анын аймагында биздин доордун экинчи миң жылдыгынын башында бул шаарды алуу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлери үчүн эстелик Мемориалы орун алган. Президент Садыр Жапаров иш-чарага даярдык көрүүдө ийгилик каалап, өлкөнүн ага активдүү катышууга даярдыгын тастыктады.