Жаңылыктар
Баткендин тургундарына арзан пайыз менен ипотекалык насыя берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендин тургундарына  арзан пайыз менен ипотекалык насыя берилет

Баткен облусунун тургундарына 25 жылга чейин жылдык 4% менен ипотекалык насыя берилет. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, учурда Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору даярдалып, Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында турак жайларды курууну каржылоого Мамлекеттик ипотекалык компанияга 200 млн сом бөлүнөт. 

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө курулуш үчүн төрт жер аныкталган. 

Алар, Аксай айыл өкмөтүндөгү Бакай жана Керме-Тоо участкаларында, Кулунду айыл өкмөтүндөгү Раззаков жана Кулунду айылдарында. «Ипотекалык насыялар кийинки сатуу алып менен ижарага алуу механизми боюнча берилет», - деди ал.