Жаңылыктар
Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда курал-жарак сакталган жай табылды. 

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Кылмыш-жаза кодексинин "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө жүргүзүлгөн.

"Бул иш боюнча Кадамжай районунун тургуну кармалып, жашаган жери текшерилген. Жыйынтыгында үйүнөн 222ден ашык ар кандай калибрдеги ок-дары, үч ок атуучу курал, бир Ф-1 гранатасы, 230 ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскыч табылган. 

Шектүү Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүп жатканы кошумчаланды.