Жалал-Абад облусу боюнча быйыл 90 чакырым жолго жаңы асфальт басылат, 35 объекти оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы жаңы курулуп, пайдаланууга берилген жолдун ачылышында билдирди.
Ак-Баш айылында асфальтталган бул каттам көп жылдан бери жергиликтүү элди түйшөлтүп келген. Республикалык бюджеттен 14 миллион сом бөлүнүп, каттамдын 2 чакырымдан ашуун аралыгына асфальт төшөлгөн.