Келечекте калкка турак жай курууга жеңилдетилген насыяларды берүү пландалууда.
Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар жер тилкелери боюнча бир катар орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдө, анын ичинде белгилүү бир тилкеге турак жайларды курууга жана социалдык объектилерди баштоого уруксат алууда көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.
Министрлер кабинетинин башчысы жарандарды келечекте талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдө мыйзамдуу түрдө тариздеп, менчик укугун орнотуп, тилкелердин чек арасын тактап, андан кийин гана турак жайларды курууга киришүүгө чакырды.