Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду.
Кербен шаарындагы заманбап административдик имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Ачылышына облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келишти.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлердин иштөө шарттарынын талабына жооп бере тургант керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.