Жаңылыктар
Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду
Кыргызстан жаңылыктары
 Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду

 Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду.

Тиешелүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды. Чечим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. 

Жазаны өтөп жаткан бардык адамдар буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелерине которулган.

Белгилей кетсек, №47 мекеме Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, калк жыш жайгашкан аймакта жайгашкандыктан, жанаша жайгашкан турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт. 

Ошондой эле №47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлдү.