Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жаңы ыкмада реабилитациялоо
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жаңы ыкмада реабилитациялоо

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүткүл өлкө боюнча майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө ниетенүүдө. 

Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев "АПЛИФТ" коомдук фондунун негиздөөчүсү Марен Эрнст менен болгон жолугушууда билдирди. 

Министрлик бүткүл республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонууга ниеттенүүдө. Бул үчүн бул багыттагы иштерди уюштурулат жана системалаштырылат. 

АПЛИФТ коомдук фонду 2005-жылдан бери Кыргызстанда балдардын балдар үйлөрүнө кирүүсүн алдын алуу үчүн жага баш тартуунууга багытталган 9 программаны ишке ашырып келет. Ошондой эле фонд физикалык терапия, логопед жана башка тармактар боюнча жергиликтүү адистердин дасыгын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. 

Фонд өзүнүн программалары аркылуу 17 жыл ичинде 10 миңден ашуун балага колдоо көрсөттү. Учурда ал интернат тибиндеги 5 мамлекеттик мекеме менен иштейт.