Жаңылыктар
Балдардын реабилитациялык борбору курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Балдардын реабилитациялык борбору курулат

Бишкекте балдардын реабилитациялык борбору курулат. 

Имараттын пайдубалын түптөөгө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров барды. Курулуш ушул жылдын аягына чейин толук бүтүп, пайдаланууга берилет. 

96 балага ылайыкталган борбор бардык шарттары менен заманбап үлгүдө салынат. 

3 кабаттуу имаратта атайын лифт, дарылануучу бөлмөлөр, ашкана, жатакана жана укалоочу жай каралган. Буга чейин 12 жылдан бери кароосуз турган тилке 1 миң 892 чарчы метрди түзөт.

Борбордун курулуш иштери толук аяктагандан кийин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагына өтөт.