Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинде өткөн жумуш кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги алдына экономикалык дипломатияны активдештирүү жана биринчи кезекте үч негизги багыт: чет элдик инвестицияны тартуу, туристтик агымдын кеңейишине көмөктөшүү жана ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү боюнча ишти активдештирүү милдети тапшырылган.
"Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз", - деди ал жана дипломаттардын көңүлүн текстиль өндүрүшүн жана бөтөлкөдөгү суу чыгарууну илгерилетүүгө бурду.
Акылбек Жапаров белгилегендей, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат.