Жаңылыктар
Ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга маакул болушту
Кыргызстан жаңылыктары
 Ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга  маакул болушту

Ички соода жөнүндө мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. 

Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички соода жөнүндө мыйзам долбооруна тийиштүү актуалдуу маселелер талкууланды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, ретробонус коюмдарын аныктоо боюнча маселелер чечилди, тактап айтканда, тараптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, ата мекендик азык-түлүк товарларына 5% ашпаган коюмга макул болушту.