Кыргызстандагы ажайып кооз, туристтер көп каттаган "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жолу жасалууда.
Курулуш иштерине жооптуу "Кыргыз автожолдору" мамлекеттик ишканасы жаан-чачын жаап, жумуш үзгүлтүккө учурабаса 9 жарым чакырымга созулган тилкени оңдоп-түзөө иштери жакын арада аяктайт деп убада кылууда.