"Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында жети миңден ашык дыйкан, фермерге үч жарым миллиард сомдон ашык каражат жеңилдетилген насыя катары берилди.
Учурда банктар аркылуу насыялоо уланып жатат. Насыялар өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгына, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө 6 пайыздык чен менен берилүүдө.