Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалангандыгы жана чет өлкөлүк жарандыгы бар экендигин текшерүүнүн алкагында Президенттин Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлүнүн жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды.
2004-жылы шектүү Баткен мамлекеттик университетте окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы ал кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган.
Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен шектүү жогорку билими тууралуу диплом алууга негиз болгон. Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Документтерди жасалмалоо беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.