Кыргызстандагы айыл чарба тармагын санариптештирүү максатында Норвегия менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан долбоор жыйынтыкталды.
Анда айыл чарба жерлерин, ошондой эле имараттарды жана жер участокторун картага түшүрүп, аны бардык жарандардын колдонуусуна жол ачуу каралган.
Кыргызстандын жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгү боюнча маалыматты буга чейин атластан гана алып келсек, эми аны онлайн форматта компьютерден көрүүгө болот.
Кыргызстан үчүн аэрофотосүрөттөрдү жүргүзүү өзгөчө маанилүү. Анткени мамлекеттик мекемелер колдонгон картографиялык материалдар эскирип, актуалдуулугун жоготкон.
Базалык карталарды жаңыртуу бюджеттик каражаттардын жетишсиздигинен улам жүргүзүлбөй келген.