Каракол шаары алгачкы ирет «Музыканын тилинде» аттуу эл аралык маданий долбооруна катышты.
КМШнын маданий борборуна орусиялык үч музыкалык топ келди. Алар Россиянын эмгек сиңирген артисти Никон Жиланын жетекчилиги астындагы Сретенка чиркөөсүнүн хору, Людмила Зыкина атындагы «Россия» ансамблинин солисттери жана Орусиянын эл артисти Надежда Крыгина, «Реликт» триосу жана скрипкачы Ирина Павлихина.
Концерттик программа Россиянын Маданият министрлиги жана Бишкектеги Орус үйү тарабынан, Каракол мэриясынын колдоосу менен уюштурулган. Былтыр аталган долбоор Бишкекте өткөн. Эске салсак, 2022-жылы Каракол - КМШнын маданий борбору деп жарыяланган.
Ага ылайык, Каракол шаары КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.