Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери арасында жабыркагандар жок. 

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Булак-Башы жергесинде Баткен менен Согди облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. 

Жолугушууга эки өлкөнүн чек арага жакын облустарынын күч структурасынын жетекчилери катышууда. 

“Тараптар “Булак-Башы” жана Тажикстандын “Кех” чек ара постторунун ортосундагы атышуунун себептерин кароодо. 

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгында тараптардын чек арачыларын согуштук позициядан чыгаруу чечими кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

Ушул убакыттарда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуубойдон калууда. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда таңга маал Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылган.