Москвада кылмыштуу топ түзүп адам уурдоо жана акча опузалоо менен алектенген кыргызстандыктар кармалды.
Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштуу топту Нарын облусунда туулган 34 жаштагы Кыргызстандын жараны башкаргандыгын аныкташкан.
Ал мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы белгиленди. Криминалдык чөйрөдө Карагер каймана аты менен белгилүү экени айтылат.
10-июнда өкүлчүлүккө Кыргызстандын жараны кайрылып, түн ичинде "Кузьминки" паркынан белгисиз адамдар 32 жаштагы жакын тууганын күч менен унаага отургузуп белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген. "Мекендешти уурдап кеткендер туугандарынан 1миллион 800 миң рубль талап кылышкан. Жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында жабырлануучу ижарага алынган батирлердин биринен табылган.
Ошол үйдүн ичинен кылмыштуу топтун лидери Карагер жана Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында туулган 19дан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы сегиз жаран кармалды. Анын ичинен жетөө кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон", — деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектелген жарандарга таандык Hyundai, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаалар, "Макаров" тапанчасы алынды. Кармалган кыргызстандыктарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат, Алардын башка кылмыштарга тиешесинин бар-жогу териштирилүүдө.
Ошондой эле топтун башка мүчөлөрү да такталып жатат. Шектүүлөрдү кармоо операциясы Россиянын аймактык полиция бөлүмдөрү менен биргеликте ишке ашкан. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештер арасында криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, кылмыш жана укук бузууларды жасашына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатканы кошумчаланды.