Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунда элге кызмат көрсөтүү сапаты жакшырат.
Бүгүн Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлоруна Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети атайын көчмө жыйын өткөрүп, алардын шарты менен таанышты.
Борбордо калк жыш жайгашкандыктан төрт райондогу калкты тейлөө борборлору тең күн сайын миңден ашык жарандарды тейлешет. Алар элге 42 документтин түрү боюнча кызмат көрсөтөт.
Азыркы тапта каникул башталгандыгына байланыштуу мектеп жашындагы балдарга чет өлкөгө чыгууга паспорт алуу жана жаңы конуштардагы жарандар үйлөрүн мыйзамдаштыруу боюнча документтерди алуу иштери күчөдү.
Жалпы өлкө боюнча 34 калкты тейлөө борбору иштегени менен башка алыскы айылдарда маселе дагы эле орчундуу бойдон калууда.