Жаңылыктар
Бүгүн футболго байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн футболго байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат

Бүгүн Бишкекте футбол оюндары өтүп жаткан учурда борбордук көчөлөр жабылат. 

Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандоо турунун эки оюну өтөт. 

Саат 16:30да Сингапур менен Мьянманын беттеши башталып, 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары оюн талаасына чыгышат.

Буга байланыштуу, Тоголок Молдо — Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин,

Фрунзе көчөсү — Исановдон Панфиловго чейинки аралыгында жол кыймылына саат 16:00дөн 23:00гө чейин чектөө киргизилет. Кайгуул милициясы айдоочулардан маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.