Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешет.
Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар.
Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.
Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония.
Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде өткөн мелдешке катышкан. Кыргызстандын футбол союзу күйөрмандарга кайрылып стадионго дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.