Жаңылыктар
Кыргыз - тажик чек арасында кайрадан ок атылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - тажик чек арасында кайрадан ок атылды

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация кызматы билдиргендей, 14-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атышуу болду

Баткен облусунун Булак-Башы жергесинде саат 06:50дө Тажикстандын “Кех” чек ара посту тараптан Кыргызстандын “Булак башы” чек ара постун көздөй ок атылган. Ага жооп катары кыргыз тарап ок чыгарган. Атышуу 07:00дө токтогон. 

Ал арада Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. 

Окуя болгон жерге тараптардын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жөнөп кетишкен. Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомед жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок ата баштаган. 

Атышуу 08:10до токтогон. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактап, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 

Белгилегендей, саат 08:40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу деп мүнөздөлүүдө. 

УКМКнын Чек ара кызматы абалды турукташтыруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.