Жаңылыктар
Патенттин баасы ишкерлер менен чогуу макулдашылат
Кыргызстан жаңылыктары
Патенттин баасы ишкерлер менен чогуу макулдашылат

Чакан дүкөн иштеткендерге көзөмөл-кассалык машина колдонууга жана товарлар үчүн салына турган айып пулдарга он күнгө мараторий киргизилет. 

Мындай пикирин Министрлер Кабинетинин Төрагасы ККМ боюнча кайрылган ишкерлердин алдында сүйлөп жатып билдирди. Акылбек Жапаров ишкерлердин арасынан он кишиден турган комитет түзүлүп, алар менен чогуу иштеп, патенттин баасы сатуучуларга ыңгайлуу болгудай караштырыларын айтты. 

Ал эми эсеп-фактуралар боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы анын дүкөндөргө тиешеси жок, ал ири өндүрүүчүлөрдөн талап кылынып жатканын айтты. Акылбек Жапаров айрым дүкөндөргө өзү барып, абал менен тааныша турганын да кошумчалады. Кайрылган сатуучулардын негизги талабы ККМ системасынын ордуна патент менен иштөөнү калтыруу болду.