Кыргызстанда дыйкандарга түшүм жыйноого арзан баада 5 миң тонна күйүүчү май бөлүндү.
Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө токтомго кол коюлуп, баалар белгиленди.
«Дыйкандар үчүн күйүүчү май учурда май куюучу жайларда сатылып жаткандыктан, 10% арзандатылган. Балким, 1-2 сом айырма болот», - деди министр.
Ал кошумчалагандай, аталган иш Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлдү.