Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышат.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Бишкекте өткөн эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясында билдирди. Санкт-Петербургдагы мараакелик 25-экономикалык форум 15-18-июнь күндөрү өтөт.
Иш-чарага Египет конок өлкө катары катышат. Быйылкы эл аралык экономикалык форумдун башкы темасы "Жаңы дүйнө - жаңы мүмкүнчүлүктөр" болмокчу.
Белгилей кетсек, эл аралык экономикалык форум 1997-жылдан бери уюштурулуп келет. Жыл сайын иш-чарага катышкандардын саны 10 миң адамдан ашат, алар дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн келет.
Форумдун негизги аудиториясы - россиялык жана чет өлкөлүк ири компаниялардын башчылары, мамлекет башчылары жана саясий лидерлер, өкмөттүн төрагалары, вице-премьерлер, министрлер жана облус жетекчилери.