Кызматтык унаанын катышуусундагы кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, инспектор кармалды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20:30да “102” кызматына Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү милициянын кызматтык унаасынын айдоочусу “Дэу-Тико” унаасы менен кагышкан. Аталган факт маалыматтын электрондук журналына катталган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. Жол кырсыгына кабылган унаалар токтотуучу жайга киргизилген.
“Дэу-Тико” унаасында айдоочудан сырткары, 33 жаштагы жаран жана төрт жашы жете элек өспүрүм болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслердин” айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн инспектору болуп чыккан. Аталган унаанын ичинде жүргүнчү катары 26 жаштагы эки киши болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Инспектор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Материалдын алкагында тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, кызматтын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.