Жаңылыктар
Махачкаладан Бишкекке түз аба каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Махачкаладан Бишкекке түз аба каттамы ачылат

22-июндан тартып Махачкаладан Бишкекке түз аба каттамы ачылат. 

Каттамды Red Wings авиакомпаниясы аткарат. Бул тууралуу "Дагестан" аэропортунун коомчулук менен байланыш боюнча башкы директору Сапура Магомедовага шилтеме берүү менен Интерфакс жазды. Такталгандай, каттамдар Sukhoi Superjet 100 учагы менен аткарылат. 

Учак Махачкаладан Бишкекке шаршемби күндөрү саат 23:35 чыгып, Кыргызстанга жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:40та конот. Ал эми Бишкектен бейшемби күндөрү саат 06:40та учуп, Махачкалага саат 07:20да жетет.