Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган жоокерлердин абалы туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган жоокерлердин абалы туруктуу

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган эки жоокердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

"22 жаштагы жоокер жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулду.

Абалы жакшырып келе жатат. 21 жаштагы аскердин абалы туруктуу. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирмеде. Эске салсак, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында атышуу болуп, кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон. Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. Ал эми экинчи чек арачынын абалын орто деп баалаган. 

Мындан улам эки жоокер Баткенден Бишкектеги ооруканага которулуп, Президент Садыр Жапаров алардан кабар алган.