Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң өнүмдүн көлөмү өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички дүң өнүмдүн көлөмү өстү

Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көлөмү январь-май айларында 270 млрд сомго жетип, былтыркы ушул маалга салыштырмалуу өсүш темпи 5,7% түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетине шилтеме берүү менен билдирди. 

ИДӨ өсүшүнө негизги салымды өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары кошкон. Мындан тышкары өндүрүштүн көлөмү айыл чарбасында жана курулушта өскөн. 

Министрлик металлургиялык ишканалардын туруктуулугун, ишке киргизилген кендердин көбөйүшүнүн, тамак-аш жана мунай өндүрүшүнүн калыбына келтирилишинин эсебинен "өнөр жай өсүштүн негизги кыймылдаткычы болуп калганын" билдирди. 

Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү бул аралыкта 3 млрд долларга жетип, импорт 2,5 млрд долларды, экспорт 506 млн доллардан ашкан. Инфляциянын деңгээли 7,5% түздү.