Бишкектеги ири дүң базарлардын биринин сатуучулары электрондук патент менен иштемей болушту. Мындай чечим Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен базардагы сатуучулардын жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Ишкерлердин айтымында алар ККМге каршы эмес. Болгону көзөмөл кассалык машиналардын ордуна электрондук патент менен иштөө сунушун беришти.