Өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады. Маалыматка ылайык, белгиленген программа боюнча, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабияты сабагынан эссе, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика сабагынан комплекстүү тест тапшырышты.
Кийинки мамлекеттик экзамен 14-июнда 11-класстар үчүн тарых сабагынан оозеки түрүндө өтсө, 9-класстар эне тили сабагынан дил баяндын элементтери менен баяндама жазышат. Белгилей кетсек, сынактын тапшырмалары алгачкы жолу www.ncokoit.kg сайты аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, мектеп администрациясы сынактын алдында тестти атайын берилген логин жана сыр сөз менен кирип көчүрүп алды.
Буга чейин экзамендик материалдар кагазга көчүрүлүп, ар бир билим берүү мекемесине жеткирилип, ага бюджеттен 4 миллион сомдой каражат короп келсе, санариптештирүүнүн натыйжасында быйылкы чыгым 700 миң сомду түздү. Кыргызстан боюнча 11-классты 67 миң окуучу аяктап жатса, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 106 миңден ашат.