200 бала “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна жөнөтүлдү. Министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков ата-энелер менен баарлашып, борбордо эс алып жаткандарга өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Балдарга көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, коопсуздук эрежесин так сактоону эскертти. Эске салсак, “Алтын балалык”ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден солугунда көйгөйү бар балдар дарыгерлердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге катталып, эс алат.