Жаңылыктар
Екатеринбургда кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциясы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Екатеринбургда кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциясы өтүүдө

Кыргызстан менен Россиянын аймактары логистика, айыл чарбасы, айрыкча балык чарба тармагында кызматташтыкты жандантат. Екатеринбург шаарында өтүп жаткан эки өлкөнүн тогузунчу региондор аралык конференциясында бир катар келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө. 

Жыйынга Кыргызстандан ишкерлер, бизнес ассоциацияларынын мүчөлөрү жана бийлик өкүлдөрүнөн турган 400дөй адам катышып жатат. Кыргызстан менен Россия соода алаканы кеңейтүү үчүн аймактардын байланышын түзүүнү максат кылган жолугушууну жыл сайын уюштуруп келет.