Камбар-Ата1 ГЭСинин курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылып, тармактагы көз карандысыздыкты шарттайт. Долбоорду өз алдынча баштаганыбыз инвесторлордун ишенимин жаратат.
Курулушуна старт берилген “Камбар-Ата-1” ГЭСи иштеп калса, жалгыз эле биздин өлкөгө эмес, Борбор Азияга да пайдалуу болот. Адистердин айтымында анын салынышы кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Андан тышкары керектөө төмөн болгон жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу сыртка сатууга шарт түзөт.