Жаңылыктар
Июнь окуясына 12 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь окуясына 12 жыл

Июнь окуясы сыяктуу трагедия баарыбызга чоң сабак болушу керек. Бул каргашалуу апаат ынтымакты арттырып, биримдикти бекемдөө милдетин эскертип турат - дешет эксперттер. Мындай окуялар кайталанбас үчүн, Президент Садыр Жапаров Июнь коогалаңы боюнча козголгон кылмыш ишин кайрадан иликтөөнү УКМКга тапшырган.

Тышкы күчтөр, ички сепаратисттер кылымдар бою жуурулушуп жашап келген кыргыз, өзбек элдеринин ынтымагына доо кетиргенине 12 жыл болду. 2010-жылы 10-июндун түнүндө Ошто жаштар арасында чыккан чыр күч алып, улуттар аралык жаңжалга чейин жеткен. Бир топ жерге өрт коюлуп, каракчылык орун алган. Чыр Жалал-Абадга чейин жетип, ок атышуулар болгон.