Жаңылыктар
“Кыргыз жараны” концепциясын коомчулукка жайылтуу максатында окутуулар өткөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз жараны” концепциясын коомчулукка жайылтуу максатында окутуулар өткөрүлүүдө

“Кыргыз жараны” концепциясын коомчулукка жайылтуу максатында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бейөкмөт жана коммерциялык уюмдар менен министрлик, мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда атайын окутууларды өткөрүүдө. 

Анда концепцияга камтылган негизги багыттар талкууланып, бейөкмөт уюмдар жана министрлик менен мекемелердин ортосундагы карым-катнаш, биргеликте иш алып баруу боюнча демилге, сунуш-пикирлер айтылды. 

2026-жылга чейин кабыл алынган “Кыргыз жараны” жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө жарлыкка Президент өткөн жылы кол койгон. Аны ишке ашыруу максатында концепция кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. 

Учурда улуттук маалыматтык компания да жүрүп жатат.